Калемден жаралган чындык

Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепканада журналист, жазуучу Бурулсун Дыйканбаеванын “Кызас” аттуу китебинин бет ачар аземи болуп өттү.

“Калемден жаралган чындык” аталышындагы иш-чарага акын-жазуучулар, журналисттер, маданият кызматкерлери, студенттер жана китеп сүйүүчүлөр катышып, автордун чыгармачылык жолу, журналистикадагы эмгеги жана “Кызас” китебинин мазмуну тууралуу жылуу пикирлер айтылды.

📖 “Кызас” китебин окуган окурмандар, педагогикалык колледждин мугалимдери жана студенттери чыгармадан алган таасирлери менен бөлүшүп, китеп адам тагдырын, турмуш чындыгын терең чагылдырган таасирдүү эмгек экенин белгилешти.

Ошондой эле Нарын райондук маданият бөлүмүнүн жетекчиси Жумагүл Нууева, Нарын облустук К.Мамбеталиев атындагы тарыхый-этнографиялык музейдин директору Байгабатова Анара, Нарын шаардык китепканасынын директору Нурзат Эсенканова өз сөздөрүндө Бурулсун эженин талыкпаган эмгегин, журналистикадагы ордун жана ар тараптуу таланттуулугун баса белгилешип, жаңы китеп окурмандардын жүрөгүнөн татыктуу орун аларын айтышты.

🎶 Кечеде Нарын райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жагымдуу музыкалык номерлер жаңырып, Нарын облустук китепканасынын кызматкерлери Бурулсун Дыйканбаевага арналган акын Гүлбүбү Байбугуеванын ырын арнашты.

Кечеге келген коноктор авторго чыгармачылык ийгилик, бекем ден соолук каалашып, жылуу каалоо-тилектерин билдиришти. Иш-чара өзгөчө маанайда өтүп, катышуучуларга унутулгус таасир калтырды.

🌹 Бурулсун эжеге калемиңиз курч болуп, дагы да көптөгөн мыкты чыгармаларды жарата беришиңизди каалайбыз!


Жаңылыкты жүктөгөн: - Омурова Зуура





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!


Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.