2-апрель — Эл аралык балдар китебинин күнү

2-апрель – Эл аралык балдар китебинин күнү

Бул күн – кичинекей китеп сүйүүчүлөрдү кереметтүү китеп дүйнөсүнө жетелеген, ар бир окурмандын жүрөгүнө жарык шоола чачкан өзгөчө майрам. Китеп – билимдин, тарбиянын жана жаркын келечектин ачкычы.

Бул күндүн алкагында белгилүү балдар жазуучусу, акын жана котормочу Ысмайыл Кадыровдун 75 жылдык мааракесине арналган

✨ «Балдар адабиятынын жарык жылдызы» аттуу адабий иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара шаарыбыздагы №8 А. Буйлаш уулу атындагы мектептин жана Нарын облустук Усон Асанов атындагы лицей-интернаттын окуучуларынын катышуусунда жогорку деңгээлде уюштурулду.

🎥 Катышуучуларга жазуучунун өмүр жолу жана чыгармачылыгын чагылдырган

«Балдар дүйнөсү Ысмайыл Кадыровдун чыгармаларында» аттуу видео-слайд сунушталды.

📖 Ошондой эле иш-чаранын алкагында уюштурулган китеп көргөзмөдө катышуучулар жазуучунун чыгармалары менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

✨ Китеп – бул дүйнөгө ачылган эшик. Окуйлу, үйрөнөлү жана келечегибизди бирге куралы!


Жаңылыкты жүктөгөн: - Омурова Зуура





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!


Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.