«Айтматовду окуйбуз» акциясынын алкагында окуучулар Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын көркөм окушту
Балдарды жана өспүрүмдөрдү тейлөө бөлүмүндө «Айтматовду окуйбуз» акциясынын алкагында Нарын шаарындагы № 1 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинин 8 - классынын окуучулары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы балалык, согуш, экология, сүйүү темалары жана андагы карапайым адамдардын бардык улутта кездешкен образдары тууралуу пикир алмашып, «Эне тил менен дүйнөгө таанылган баатыр Чынгызым» аттуу китеп көргөзмөсүнөн Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча кеңири маалымат алышты.
Жаңылыкты жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман