«Китеп акыл азыгы» аталышындагы китеп окуу сынагы

Китеп деген бир укмуш

Камтыйт аалам сырларын

Талбай окуп түшүнүп

Акылдуу бол бил баарын.

 

                                           Урматтуу окурмандар!

Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепканасынын   балдарды жана өспүрүмдөрдү тейлөө бөлүмү  

Китеп окууну жайылтуу, үй-бүлөдө китеп  окуу менен, үй-бүлө  мүчөлөрүнүн байланышын чыңдоого көмөктөшүү, өспүрүмдөрдү элдик каада-салттын негизинде тарбиялоо максатында, «Китеп - акыл  азыгы»  аталышында китеп окуу сынагын жарыялайт.

Китеп окуу сынагына Нарын облустук китепканасынын балдарды жана өспүрүмдөрдү тейлөө бөлүмүнүн китеп фондусунан төмөнкү китептер коюлду:

  1. Ч. Айтматов  - Эрте жаздагы турналар
  2. Ч. Айтматов - Саманчынын жолу
  3. Рустам Абилов  -   Каректен аккан көз жаш
  4. Ариф Сарсылмаз - Өзүңдү оку
  5. Хатиже Күбра Тонгар - Бакырбаган апалар
  6. Портер Элинор -  Поллианна
  7. Китамаи Масао - Кылычсыз Самурай
  8. Хакан Метан - Болор бала
  9. М.Ибраев - Эмне үчүн китеп окушубуз керек  аттуу китептери конкурска коюлду.

 

Сынак 2024-жылдын 1- февралдан  15-апрелге чейин 3 этап менен жарыяланат.бөл

1- этап: 01.02.2024 -  01.03. 2024 Ата-энелер балдары  менен бирге китеп окугандыгын тастыктап, окулган китептин кыскача мазмунун камтыган  1-2 мин. видео -  маалымат WhatsApp  группага жөнөтүлөт.

2 - этап: 02.03.2024  - 20.03.24    Окулган китептен алган таасири жөнүндө эссе   жазышат.

3 - этап 01.04.2024 - 15.04.2024  2- этаптан  тандалып алынган окурмандар,  окулган китептер боюнча түзүлгөн тесттик суроолорго  жооп берүүсү зарыл

 

Кошумча маалымат алуу үчүн Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепканасынын   балдарды жана өспүрүмдөрдү тейлөө бөлүмүнө кайрылыңыздар.  

Байланыш үчүн  телефондор: 0709 665 155,  0702 988 684;

 

 Сынактын жыйынтыгы

23 - апрель бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата  жыйынтыгы чыгарылат.              

Урматтуу окурмандар,  китеп окуу сынагына активдүү катышып келечекке таштаган кадамынар кенен болсун.

Чоң сапарга улуу иштерге таштаган кадамынар китеп окуу менен башталышына тилектешпиз.өнкү китептер коюлат


Жаңылыкты жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!