
"Китепканалар жана коомду демократиялаштыруу" аталышындагы Ысык-Көл 2024 Эл аралык конференциясы
2024-ж,1-5 октябрь күндөрү Китепканалар жана коомду демократиялаштыруу" аталышындагы Ысык-Көл 2024 Эл аралык конференциясы өтүп жатат. Китепканаларды санариптештирүү инновациялык жаңы иш ыкмаларды жайылтуу аркылуу кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлүп жаткан конференцияга КМШ өлкөлөрүнүн Россия, Казакстан, Узбекистандан жана республикабыздын бардык облустарынан келген китепкана кызматкерлери катышууда. Нарын облусунан келген 11 китепкана кызматкери конференцияга катышып жатат.
Жаңылыкты жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман