КР эмгек сиңирген дарыгери, кардиолог-врач Кайыпбек Кадыралиев тарабынан белекке берилген адабияттар

     Урматтуу окурмандар! Жакында Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепканасынын укуктук-экономикалык окуу залына  китепкананын меценаты, өнөктөшү Кыргыз Республикасынын   эмгек сиңирген дарыгери, кардиолог-врач Кайыпбек Кадыралиев тарабынан белекке берилген адабияттар боюнча маалымдайбыз. Мына ошол китептер менен сиздерди тааныштырмакчымын.

Китептерибиздин 1-бөлүгүн укуктук адабияттар түзөт. Алар :  “КРнын Конституциясы”, “КРнын Салык кодекси”, ”Уголовный кодекс КР”,  “Уголовно-процессуальный кодекс КР” аттуу китептери бар.

      Китептерибиздин 2-бөлүгүн  Окурмандарыбызды ийгиликке карай багыттоочу, жашоосун өзгөрткүсү келген, ийгиликтин сырын билгиси келген окурманыбыз үчүн Жуманазаровдун “Ийгилик- бул сен!” аттуу китеби, ийгиликке жетүү үчүн сатуу жөндөмүн тандооңузду, киреше 10 тараптан келсе, тогузу соодадан келээрин Атабек Каныбек уулу “Сатуунун техникасы” аттуу китебинде баяндайт. “САМО” эл аралык адамды өнүктүрүү борборунун президенти, психология  илиминин  доктору Саидмурод Давлатовдун  “Менин гениалдуу балам” аттуу китебин окуп, китептеги билимдерди туура колдонсо, сиздин балаңызга  25-27-жашында  финансылык жактан эркин болууга жардам берет же финансылык туруктуулукка жетишүүгө көмөктөшөт.

      Китептерибиздин 3-бөлүгү - психология жаатында  Ронда Берндин “Купуя сыр“ деген китеби сиздерди ийгиликке жетелөөчү, ошону менен катар ден-соолукка, байлыкка жана бакытка  багыт берүүчү  эң керектүү сырдуу адабият! Ушуга эле улай Дейл Карнегинин “Адамдарды кантип өзүңө моюн сундурса болот?” деген китеби ийгиликке эртерээк жетүү үчүн ким менен качан, кантип сүйлөшүүнү маселени пайдалуу жакка чечүүнү сунуштайт.

    Ал эми “Санаасыз жашоо өмүрү” аттуу китебинен  көйгөйлөрдү чечүү, жакындарыбыз менен мамилени оңдоо, эмне кылсак тынчсызданбай, жайбаракат жашай алабыз деген сурроолорго жооп аласыз.

    Дейл Карнегинин 3-китебинен  “Чыр чатактуу баардык кырдаалдан кантип чыгып кетсе болот” деген китеби сиздерди түшүнбөстүктөрдү, чыр-чатактарды, келише албастык жана конфликттерди чечүү жолдору,адамдар ортосундагы мамилени сактап калуу, нерселерге башкалардын көз карашы менен кароону үйрөнүү, бир пикирге келүү жөнүндө маалыматтарды аласыз.

    Джен Синсеронун “Наалыба” аттуу китеби кылымдар бою айтылып келген даанышмандык: наалыганды токтот, бай болууга убакыт келди дегендей татыктуу киреше табуу жолундагы тоскоолдуктарды гана алып тим болбостон, олуттуу максаттарга жетүүгө бел байлаткан энергия менен күч берүүчү адабият болуп эсептелет.

    Джен Синсеронун “Айныба” аттуу китеби күн сайын өзүнүн үстүнөн иштеген адам гана өзү кыялданган жашоодо жашаарын тастыктайт.

   Хэл Элрод “Таңкы убактын сыйкыры” (Магия утра) китеби адамдардын жашоосун өзгөртөт, уйкудан ойгонгондон кийинки биринчи саат бир күндүн бүткүл ийгилигин аныктаарын, ошондой эле таңкы убак адамдын потенциалын ачууга кантип жардам берээрин баяндайт.

  Брайан Трейси “Убакыттын чебери” аттуу китебинде “Сиз жашоону баалайсызбы? Анда убакытты жөнү жок коротпоңуз, анткени жашоо так ошондон турат”-деп Бенджамин Франклин айткандай убакытты баалоо, туура пайдалануу, ар нерсени өз убагында аткарууну, ийгиликке, бакытка жетүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу боюнча убакытты башкаруу стратегиялары менен таанышасыз.

   Брайан Трейсинин 2-китеби “Комфорт зонасынан чык” деп аталат. Китепте жеке жашооңду өзгөртүү, жеке натыйжалуулукту көтөрүүнүн 21 ыкмасын окуп, жеке жашооңузду түп тамырынан бери өзгөртүүңүзгө жардам берет. Жашооңуздарды  пландоо аркылуу, талыкпаган эмгек, маалымат алуу  менен келечегиңизди, жашооңузду өзгөртө алаарыңызды ар дайым эсиңизге сактаңыз!.

 

Обзорду даярдаган:  Жунусалиева Ж. О.


Жаңылыкты жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!


Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.